Түрмөдөгүлөрдүн жашоо шарты жана абактардын абалы (видео)

939

Эркинен ажыратылгандардын саны жылына 300 адамга чейин көбөйүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы билдирди. Соттолгондор менен айыпталуучулар кармалган абактарда Союз маалынан бери толук оңдоп-жаңылоо иштери жүргүзүлгөн эмес, дейт мекеменин жетекчиси. Учурда айрым колониялар реконструкцияланып жатат. Бирок кээ бир жабык мекемелерди оңдоп-түзөө иштери каражаттын тартыштыгынан улам токтоп калган. Ошондой эле, Жаза аткаруу мекемесинин өзүндө кызмат абалынан пайдаланып, мыйзам бузган кызматкерлер дагы жок эместиги дагы айтылды.