Түрмөдөн качкандардын дагы бирөө кармалды

721

Ал дагы Бишкек шаарынын аймагында жүргөндө колго түшкөн. Кечээ кечинде саат тогуздар чамасында Исанов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев кармалды. Ал «каракчылык», «документтерди жок кылуу», «мүлккө атайылап залака келтирүү» деген негизде камакка алынган.

Качып кеткендердин төртүнчүсү 28 жаштагы Кайрат Жанботоев азырынча кармала элек. Ал эми мурдагы түнү дагы экөө кармалып, борбордогу №1-тергөө абагына киргизилген. Убактылуу кармоочу жайдан качып чыккандар оор кылмыштар боюнча айыпталгандар. Алар адам өлтүргөн, каракчылык кылган деп күнөөлөнүп соттун чечимин күтүп жатышкан.

Азырынча кылмышка шектүүлөрдү бошотууга милиция кызматкерлеринин тиешеси бар жогу ачыкталбай жатат. Ар кандай маалыматтарга караганда, ошол түнү электр жарыгы 13 мүнөткө өчүрүлүп, кимдир бирөө камеранын каалгасын ачып берген.