Түрмөлөрдүн ордуна сейил бак, көп кабаттуу үйлөр тургузулат (видео)

952

Кооптуу адамдар, каңырсыган жыт жана ээн-эркин басуудан сестенген бөбөктөр. Көп жылдан бери көйгөйү чечилбей, түрмөлөрдүн жанында жашаган калаа тургундарынын үнү эми гана тийиштүү органдарга жетти көрүнөт.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы калаанын чок ортосунда жайгашкан №1 тергөө абагын жана 47-колонияны шаардын четине которууга бел байлап жатат. Учурда аларды көчүрүүгө жер тилкеси табылып, иштин баштапкы этабына каражат бөлүнүптүр. Түрмөлөрдүн ордуна болсо оюн-зоок, спорт аянтчасы менен сейил бак жана көп кабаттуу үйлөрдү тургузуу пландалып жатыптыр.