Түштүк Кореяда чыккан норовирустун себеби аныкталбай жатат

686

2 күн мурда 23-кышкы Олимпиада оюндары өтүп жаткан Пхенчхан шаарындагы ондогон күзөт кызматкерлери, азырынча кайдан жуккандыгы аныктала элек илдетке кабылып, ооруканага түшкөнү кабарланган. Мындан улам, алардын ордуна аскерлерди тартууга туура келген.

Бүгүнкү күндө кусуп, ичи өтүп ооруканага түшкөн бейтаптардын саны 41 адамга жеткени кабарланууда. Алардын бары Олипмиада оюндары уюштурулуп жаткан аймактагы атайын шаарчада жашап жатышкан.

Азырынча норовирус кайдан жукканы тактала элек. Андыктан бардык тейлөө кызматкерлери, тамак-аш, суу түтүктөрү кылдат текшерүүдөн өтүүдө. Белгилей кетчү нерсе, нововирус абдан жугуштуу болуп, андан адамдын ичеги-карыны катуу жабыркайт.

Белгилей кетсек, былтыр Лондондо жеңил атлетика боюнча өткөн чемпионатта жатаканадан чыккан норовирустан улам бир топ өлкөнүн спортчулары мелдешке катышууну токтотууга аргасыз болушкан.

Түштүк Кореяда 23-кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы кечээ гана болуп өттү.