Түштүк Кореядан келген үй-бүлө мүчөлөрүндө коронавирустун белгилери жок

3429

Түштүк Кореядан келген үй-бүлө үй шартында обсервацияга алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, лабораториялык изилдөөлөр аларда коронавирустун белгилери жок экенин көрсөткөн. Ошентсе да алардын карантин режими уланууда. Үй-бүлөдөгү балдардын бири мүмкүнчүлүгү чектелүү, экинчиси ымыркай болгондуктан, аларды толугу менен үй шартында обсервациялоо чечими кабыл алынган.

Эпидемиологдор алардын үйү карантин шартына канчалык ылайыктуу экенин иликтешип жатыптыр. Обсервация учурунда алар эч жакка чыкпоого жана эл көп чогулган жерлерге барбоого тийиш. Үйдү дезинфекциялап, жеке гигиенаны бекем сактоолору зарыл.

Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматы боюнча, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар келери менен эки жумалык карантинге алынышат. Ал эми акыркы бир ай ичинде ал өлкөлөрдө болгон чет элдиктер Кыргызстанга киргизилбесин деген чечим кабыл алынган.

Ошондой эле, өкмөттүн коронавирустун алдын алуу штабы жарандарга эл көп чогулуучу жерлерге барбай, массалык иш-чараларды чектөөнү сунуштап, бардык мамлекеттик иш-чараларды убактылуу токтотту.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.