Түштүк Кореянын жогорку сотунун төрагасына кол салуу болду

838

Ким Мен Су келе жаткан машинага бир адам өрт чыгаруучу кошулма менен чабуул жасаган. Окуя Сеул шаарында жогорку соттун имаратынын жанында болгон.

Автоунаа дарбазага жакындаганда, бир адам чуркап келип күйүүчү коктейлди чачып жиберген. Өрт машинанын арткы дөңгөлөктөрүн чулгап, бирок жан сакчылар бат өчүрүүгө үлгүрүшкөн. Судья жабыркаган эмес.

Ал эми кол салган адам кармалып полицияга өткөрүлүп берилген. Ал Кореянын 74 жаштагы Нам аттуу тургуну экени аныкталды.

Ал 3 айдан бери күндө жогорку соттун имаратынын жанында нааразычылык акциясын уюштуруп жүргөн. Нам өзүнө байланыштуу иште акыйкатсыз чечим чыгарылганын айтып, жогорку соттун төрагасынын кабыл алуусун талап кылып келген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.