Түшүмдү азайткан кургакчылык (видео)

1452

Быйыл кургакчылыктын айынан дыйкандардын түшүмү ойдогудай болбой, чыгым тартышууда. Анын кесепетинен учурда жашылча-жемиш менен бакча өсүмдүктөрүнүн баасы былтыркыга салыштырмалуу 2 эсеге жогору. Былтыр картөшкө 15 сомдон сатылса, быйыл 35 сомго чыкты.

Муну талаа иштеткендердин айрымдары суунун тартыштыгына байланыштырса, кээ бир дыйкандар алып сатарлардын айынан наркы жогорулап жатат дешет. Айыл-чарба министрлиги болсо, быйыл түшүм жылдагыдан 30 пайызга чейин аз экенин белгилейт.