Түшүмү өтпөй, түйшүк тарткан дыйкандар (видео)

1250

Түшүмүнүн үзүрүн көрбөй, зыян тарткан багбандар. Быйыл жашылча-жемиш айдаган дыйкандардын мээнети акталбай калуу коркунучу кайрадан күчөдү. Өлкөнүн жер-жерлеринде картөшкө, пияз, сарымсак жана төө буурчактын баасы кескин түшүп же аны алууга кардар табылбай, айылдыктар убайым тартууда. Жакында эле ортомчулар Нарында картөшкөнү алгач 8 сомдон алып жатышса, учурда анын баасы 5 сом болуп калды.

Ушундай эле жагдай Талас, Ысык-Көл областтарында да байкалат. Айыл чарба министрлиги жашылча-жемиштерди сактоо үчүн логистикалык борборлорду куруп жатыптыр. Өкмөт дыйкандарга мындан башка жардам бере албайт экен.