Туура эмес жерге токтотулган унаанын дөңгөлөктөрү бекитилет (видео)

795

Эми туура эмес жерге токтотулган унаалардын дөңгөлөктөрүн бекитип кетүү күчөтүлөт. Бул үчүн Патрулдук милиция жакынкы күндөрү дагы 60 даана блокиратор сатып алганы турат. Учурдагы сегиз шаймандын жардамы менен эле ноябрь айында Бишкекте 120 айдоочу айыпка жыгылган. Мыйзамга ылайык, туура эмес жерге токтоткону үчүн миң сом штраф салынат. Ал эми күчкө салып, машинаны эвакуатор менен айып төлөөчү жайга жеткирүү планы азырынча ишке ашпай турат. Анткени талап катуу болгондуктан тендерге катышууну эч ким каалаган эмес. Конкурстун шарты боюнча бери дегенде 20 эвакуатору бар компания гана тандалмак.