ТВ кызматкерлери кесиптик майрамын кандай көйгөйлөр менен тосту? (видео)

858

Туура 60 жыл мурда — 1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз ТВсынын биринчи берүүсү эфирге чыккан. Алгачкы жылдары көрсөтүүлөрү жумасына болгону 4 жолу чыгып турган кыргыз телекөрсөтүүсү эми 60 жыл өткөндөн кийин ондогон телеканалдардан турган эң ири жана таасирдүү маалымдоо каражатына айланды.

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдык өнүгүү тарыхын 3 негизги этапка бөлсө болот. Биринчиси — 1958-жылдан 1991-жылга чейин. Ал эми Советтик доор аяктап, коммунисттик иделогиянын ченгелинен бошонгондон кийин, 27 жыл мурда — Кыргызстанда туңгуч жеке менчик телеканал — «Пирамида» обого чыккан. Андан кийин, ВОССТ, НБТ, КООРТ, НТС телкомпаниялары пайда болуп, 90-2000 –

жылдары Кыргызстандын телекөрсөтүүсү атаандаштык шартында өнүгүү жолуна түштү.

Биздин өлкөдөгү ТВ тармагынын 3-этабы 2017-жылдын 15-июнунда башталды. Кыргызстан толугу менен санариптик телекөрсөтүүгө өттү. Республканын телерыногундагы каналдардын саны заматта бир нече эсеге өсүп, учурда санариптик ТВ-пакетте 60тай телеканал бар. Көрүүчүлөрдүн тандоо мүмкүнчүлүгү мурдагыдан дагы кеңейди. Бирок каналдардын саны көбөйгөнү менен алардын сапаты жакшырып кеткен жок.

Азыркы телеканалдардын басымдуу көпчүлүгү өздөрү эч нерсе өндүрүп чыгарбаган, жалаң гана уурдалган, даяр видеопродукцияны көрсөтүп жатышат. Ал эми теле жана радио берүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Кыргызстандагы телеканалдардын берүүлөрүнүн 50 пайыздан кем эмес бөлүгү мамлекеттик тилде жана жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган болушу керек. Бул мыйзамдын аткарылышын камсыздоого милдеттүү мекемелер өздөрүнүн алсыздыгын моюнуна алып, ээнбаш телеканалдарды тизгиндөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок экенин айтышууда.