Тыйылбай жаткан паспорт сатуу бизнеси (видео)

665

Кыргызстандын паспорттору интернетте жарыяланып сатылууда. Азырынча белгисиз адамдар Telegram тиркемеси аркылуу ID картаны акчага жасап беришээрин жарыялашкан. Андагы маалыматтар боюнча бир паспорт миң долларга жасалат.

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо, бул маалыматты чагым катары баалап жатат. Алардын пикиринде, муну менен укук коргоо органдары алектениши керек. Ички иштер министрлиги болсо, бул боюнча иликтөө башталганын билдирди. Ал арада, коңшу өлкөнүн жараны Москвада Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды. Ал өз көрсөтмөсүндө, документти белгисиз адамдарга акча берип жасатып алганын билдирген.