Тышкы иштер министри болуп Чыңгыз Айдарбеков дайындалды (видео)

1521

Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, депутаттар тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Бир дагы депутат каршы болгон жок. Жаңы жетекчини парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жеке өзү сунуштап, эмне себептен мамлекеттин тышкы саясий мекемесине жаш кадр сунушталып жатканын түшүндүрдү.

Өкмөт башчынын айтымында, Чыңгыз Айдарбеков жаш курагына карабай абройлуу дипломат катары таанылган. Ошондой эле, Японияда элчи болуп иштеп турганда Кыргызстанга 95 миллион долларга чейин инвестиция тартылган. Мындан тышкары, парламенттер аралык мамиле да жакшырып, Япониядан келген туристтердин саны 2 эсе көбөйгөн. Мындан улам, анын талапкерлигин сунуштоону туура көргөн. Ал эми Чыңгыз Айдарбеков өзү министрлик кызматты аркалоо — чоң жоопкерчилик экенин айтып, жетекчи болуу сунушу ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди.