Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келди (видео)

581

Россия тарап Кыргызстанга Жогорку Нарын Каскаддарын куруу боюнча жаңы шарттар менен сунуш киргизүүгө даяр. Бул тууралуу Сергей Лавров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал президенттен кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Сергей Лавровдун айтымында, Россия Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Ошондой эле, тараптар аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биргелешкен аскердик базаны бекемдөө жаатында сүйлөшүштү. Бирок Кыргызстандын аймагында Россиянын дагы бир базасын ачуу тууралуу расмий сөз болгон жок, дешет эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери.