Тышкы карыздан кутулуу үчүн жарандар акча чогултат (видео)

981

Өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат үчүн атайын эсеп ачылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө токтомго кол койду. Ага ылайык, эми коррупциялык кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана соттун чечими менен өндүрүлгөн каражаттар атайын эсепке топтолуп, акча өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт. Эске салсак, буга чейин депутат Камчыбек Жолдошбаев өлкөнүн тышкы карызынан кутулуу үчүн жарандар ыктыярдуу берген каражаттарын топтой турган атайын фонд ачууну сунуштаган. Ал тургай бул эсепке алгачкылардан болуп, 1 миллион сом которорун айткан. Кечээ жакында болсо, ал гезиттердин бирине берген интервьюсунда, керек болсо бул сумманы 10 миллионго чейин көтөрүүгө даяр экенин билдирген. Тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуунун зарылдыгы барбы?