Тышкы саясатта Кыргызстан эмнеге жетишти? (видео)

733

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине бул жумада 1 жыл толот. Бул убакыт аралыгында мамлекет башчы 30дан ашуун чет элдик сапарга чыгып, 77 эки тараптуу, 414 көп тараптуу эл аралык документтерге кол койгон. Эксперттердин пикиринде, бул убакыт аралыгында өлкөнүн башка мамлекеттер менен болгон мамилесинде жакшы жылыштар байкалат.

Өзбекстан жана Тажикстан менен узак жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселеси боюнча жылыштар бар. Мындан тышкары, Россия жана Казакстан менен болгон мамиле дагы бекемдеди. Бириккен улуттар уюму, Евразиялык экономикалык биримдик, Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуу дагы өнүгүүдө.