Тыюу салууга суу маселеси себеп болгонбу? (видео)

738

Казакстан буга чейин бир дагы жолу кыргызстандан чыккан картошкадан курт чыккандыгы тууралуу эскертуу берип, нота жиберген эмес. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда дагы көтөрүлүп, анда депутаттар министр Нурбек Мурашев менен бир топ аткаминерлерден маалымат алышты.

Анда өкмөт өкүлдөрү агрардык продукцияга кошуна өлкө тарабынан бөгөт коюлушунун себеби азыктардын сапаттарына байланыштуу эмес экенин ачык эле айтышты. Башкы себеп — эки өлкө ортосундагы суу маселеси, деди айыл чарба министри Нурбек Мурашев.