Тыюу салынган жерге унаа токтоткон айдоочу 4 миң сом айып төлөйт

631

Бишкекте тыюу салынган жерге унаа токтоткон айдоочу кеминде 4 миң сом айып төлөйт. Учурда көчөлөргө машиналарын башамалан токтоткондорго карата чара көрүү үчүн ордо калаада эвакуаторлор иштеп жатат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда 8 техника көчөлөргө чыгарылган.

Мындан кийин, тыюу салынган жерге унаасын токтоткон айдоочу 3 миң сом айып жана эвакуатордун кызматына 1250 сом төлөөгө милдеттендирилет. Мындан тышкары, машина коюлган айып төлөөчү жайга да акы эреже бузган тараптын чөнтөгүнөн алынат. Натыйжада, жалпы төлөм жок дегенде 4 миң 250 сомго чыгат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.