У. Ормонов: Алматыдагы аэропортто КРнын жарандарына орой мамиле жасалууда

702

Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто Кыргызстандын жарандарына өтө начар мамиле жасоо уланууда. Мындай нааразычылык Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды. Кошуна өлкөнүн чек арачылары тарабынан терс мамилеге туш болгонун депутат Улукбек Ормонов айтып чыкты.

Эске салсак, мындай көрүнүш жаз айларында эле башталып, анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кырдаал боюнча казакстандык кесиптештерине ноталар жөнөтүлгөнүн айткан болчу. Бирок биздин жарандарга жасалган мамиле жакшы жагына өзгөрбөй жатканы айтылууда.

Мындан улам депутаттар бул маселени тез арада көзөмөлгө алып, Алматынын аба майдандагы өткөрмө пункттарында сааттап кармалып калган бала-чакалуу аялдарга, кары-картаңдарга консулдуктун өкүлдөрү жардам беришсин, деген талаптарын айтышты.