Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин жылдырылды

6704

Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдү колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Буга чейин аталган документ 31-декабрга чейин жарамдуу, кийин жаңысы берилет деп айтылып келген. Бирок кезек күткөндөрдүн саны өтө көп болгондуктан, узартуу чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, убактылуу күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар «Унаа» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнө жазылат. Ал эми эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү мөөнөтү аяктагыча колдоно берсе болот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.