Убактылуу кармоочу жайдан качкандар кармалды

775

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен үч шектүү кайрадан колго түштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди. Качкандар Токмок шаарынын жакасындагы токойлордун биринен кармалган.

Шектүүлөр кечээ эртең менен саат 07:00дөрдө качып кеткен болчу. Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамы дароо эле издөө иштерин баштаган. ИИМ алардын аты-жөнүн жана сүрөтүн Интернетке чыгарып, издөө жарыялаган. Үчөө тең Токмок шаарынын тургуну экени айтылган.

Эң чоңу, 18 жаштагы Леонид Ворончихин Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Уурулук”), ортончусу, 17 жаштагы Анатолий Порошин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) жана кичүүсү, 16 жаштагы Руслан Юсупахунов Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (“Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу”) боюнча шектүү катары кармалган болчу.