Үч электрик өрттөнүп кетти (видео)

2071

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда аварияда каза тапкан «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлеринин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Эртең алар айылдарында жерге берилет. Ал эми жараат алган 4 бейтаптын үчөө үй шартында дарыланып жатса, бир киши ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Адистердин айтымында, кырсыктын келип чыгуусуна аба ырайынын кескин өзгөрүүсү жана каршы тилкеге чыгып кеткен айдоочунун ылдамдыкты ашырып айдаганы себеп болгон. Ички иштер министрлиги быйыл жол кырсыктары көбөйүп, көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга жогору болуп кеткенин айтышууда.