Үч эм төрөгөндөргө 150 миң сом берилет (видео)

6196

1-декабрдан тарта 3 эмге же андан көп төрөлгөн эгиздерге 50 миң сомдон сүйүнчү төлөнөт. Мындай жардам ата-энеге бир гана жолу берилет. Бул чечим үй-бүлөлөргө материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Маалымат боюнча жыл башынан бери 140 миңден ашуун ымыркайга 4 миң сомдон бир жолку сүйүнчү берилген. Алардын ичинде эгиздер, 3 жана 4 эмдер дагы бар. Орто эсеп менен алганда, өлкөдө жылына 7-8 келин 3 эм төрөйт. Жакында эле 3 эм төрөгөн эне 50 миң сомдук сүйүнчүгө илинеби?