Үч эмдин бирин издеген ата-эне (видео)

663

Ош областтык төрөт үйүндө 3 эм жарык дүйнөгө келет деп, бирок эгиз төрөлгөн окуяны Ош областтык прокуратурасы иликтеп баштады. Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Эгиз кыздуу болгон ата-эне буга чейин УЗИ аппараты 5 жолу курсакта 3 эм болгонун көрсөткөн деп билдиришүүдө.

Ал эми Ош областтык төрөт үйүнүн жетекчилиги болсо УЗИ аппараты жаңылышканын айтышууда. Алар бул жабдык курсакта канча бала бар экенин жана жынысын адашып көрсөткөн учурлар көп болорун билдиришүүдө.