Үч фазага өзү билемдик менен кошулгандар жарыксыз калды (видео)

3768

Көмүрдү ортомчулар өтө кымбаттатып жатышат. “Кыргызкөмүр” ишканасынын өкүлдөрү алып-сатарларга кайрылуу жасады. Анда алар Кара-Кечеден көмүрдүн өз баасы 1330 сом экенин, жол кире жана башка акыларды кошкондо калкка 4 миң сомдун тегерегинде сатылышы керектигин билдиришкен. Бирок учурда базаларда кара отундун наркы 5 жарым миң сомдон болууда.

Ал арада Бишкекте жылуулук үчүн уруксат албаган тургундардын эсептегичине пломба коюну баштады. “Тундукэлектр” ишканасынын кызматкерлери ден соолукту чындоочу жана тамактануучу жайларды текшеришти. Анда бир тобуна электр энергия берүүгө чектөө киргизилди.