Үч фракция Башкы прокуратура, КТРКнын байкоочу кеңешине жана БШКга кайрылды

793

Жогорку Кеңештин “Республика — Ата Журт”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары Коомдук каналдын үстүнөн баш прокурорго арызданды. Анда үгүт өнөктүгү кызып турган маалда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду каралаган, такталбаган жалган маалыматтар КТРКдан берилип жатканы белгиленген.

“Кара пиар” технологиясы менен даярдалган материалдардын көрсөтүлүшү талапкер Бабановго карата басым жасоо, Кыргызстан элин, шайлоочуларды адаштыруу максатында болууда. Бул шайлоо мыйзамдарын түздөн-түз бузуу жана административдик ресурсту колдонууга жатат”, — деп жазылган үч фракция тараткан билдирүүдө.

Фракция лидерлери кол койгон арызда Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбековго жана маалыматтык-материалдарды эфирге даярдоо, чыгаруу боюнча жооптуу кызматкерлерге мыйзамдын негизинде укуктук баа берип, жоопкерчилигин кароо өтүнүчү келтирилген.

Аталган фракция лидерлери Коомдук каналдын байкоочу кеңешине кайрылып, каралоо, жалган маалыматтарга таянган материалдарга тыюу салууну, каналдын жетекчисин ээлеген кызмат ордуна шайкеш келер-келбесин кароону сунуштаган.

Борбордук шайлоо комиссиясына жазган кайрылууда шайлоо мыйзамдарын бузган маалымат каражаттардына карата чара көрүү талабы айтылат.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков буга чейин коомдук канал мыйзам чегинде гана иштеп жатканын айткан. Ал тескерисинче айрым талапкерлер телеканалдын дарегине, өзүнө жана кээ бир кызматкерлерине кысым жасап жатышканын билдирген.