Үч-Коргон ГЭСинде авария болуп, андагы № 2-гидроагрегат иштен чыкты

1119

“Электрстанциялар” ишканасынан билдиришкендей, учурда 45 мегаватт кубаттуулуктагы электр кубатын берген жабдык оңдолуп жатат.

Калыбына келтирүү иштери электр колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратпайт жана тиешелүү тетикти оңдоого керектүү каражаттардын бардыгы бар экени кабарланууда.

Ошондой эле, учурда 250 мегаватт электр энергиясы резерв катары өндүрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Нарын дарыясына курулган Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 180 мегаваттка жетип, жылына 820 миллион киловатт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.