Үч районго жаңы акимдер дайындалды

741

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Өмүр Ногоев Чүй областынын Москва районунун башчысы, Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун, Данияр Арпачиев Ысык-Көл областынын Тоң районунун акими болуп бекитилди.

Эки жума мурда өкмөттүн отурумунда 10 акимге сөгүш жарыяланып, 6 акимди жумуштан алуу боюнча чечим кабыл алынган. Буга район жетекчилеринин былтыр “Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында иш пландарды аткарбаганы себеп болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.