Үч залкарды бир күндө эскерүү (видео)

1028

Бишкектеги Орус драма театрынын актерлору кыргыз сахна өнөрүнүн жана киносунун залкарларын эскеришет. Чыңгыз Айтматов атындагы театрда Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын жаркын элесине арналган өзгөчө кече өткөнү жатат. Анда чыгаан актерлордун уулу — режиссер Искендер Рыскулов дагы эскерилет.

Бул иш-чара Муратбек Рыскуловдун алдыдагы 110 жылдык мааракесине карата уюштурулууда. Сабира Күмүшалиеванын көзү тирүү болгондо өткөн жылы ал 100 жашка чыкмак. Орус драма театрынын актерлору өзгөчө жанрдагы сахналаштыруу менен бир кезде Рыскулов жана Күмүшалиева жараткан образдарды кайрадан аткарышат.