Учактын жасалма билеттерин саткан аялдан жапа чеккендер жардам сурашууда

644

НТСтин редакциясына жасалма учак билеттерин саткан аялдан жапа чеккендер кайрылышты. Алардын айтымында, балдарын чет өлкөгө окууга жиберүү үчүн ар бири 26 миң сомго бааланган учак билеттерин сатып алышкан. Тиешелүү сумманы Тамара Султаналиева аттуу айымдын атына которушкан. Бирок учарга жакын калганда гана колдоруна билеттерин алган жабырлануучулар, алардын жасалма экенин билишкен.

Алар бул боюнча Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылышып, тартип сакчылары бул кылмышка шектүүнү кармап келишкен. Бирок көп өтпөй, ал аял белгисиз себептер менен кое берилип, ал изин жашырып кетүүгө үлгүрүптүр.

Мындан улам жабырлануучулар шылуун аялдан гана эмес, бул ишти алып барган милиция кызматкерлеринен да жапа чеккенин айтышып, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылууга мажбур болушкан.