Үчкө толо элек балдарга жөлөк акча берүү сунушталууда (видео)

678

3 жашка толо элек балдардын баарына жөлөк акча берүү сунушталууда. Демилге социалдык өнүгүү министрине таандык. Улукбек Кочкоровдун айтымында, жөлөк акча бериле баштаса, бөбөктөрдүн тамак-ашын жакшыртууга шарт түзүлмөк жана изилдөө көрсөткөндөй майыптардын саны азаймак.

Бирок министрдин мындай сунушу бардык эле депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок. Анткени 3 жашка толо элек балдардын баарына жөлөк акча берүү үчүн бюджеттен кошумча акча каражат каралган эмес. Ошондой эле, Улукбек Кочкоров жардамга муктаж болгон адамдарды колдоо үчүн фонд түзүүнү демилгелеп жатат. Ал үчүн 5 миллион сом зарыл.