Учурунда К. Тураповго таандык болгон талаш жер тилке (видео)

533

Учурунда Кыргыз эл артисти Керим Тураповго таандык болгон жер тилке кайрадан талашка түштү. Бул жолу көп кабаттуу үйдү куруп жаткан компания жердин ижара акысын төлөбөй келгени айтылууда.

Бишкек шаардык соту фирманы мэрияга 20 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бирок курулуш компаниясы фемида өкүлдөрүнүн чечими менен макул болбой, доо арыз менен кайрылууга камынууда.