UFC’нин чемпиону Валентина Шевченко Бишкекке учуп келди

923

UFC’нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандары менен жолугушат. Ага чейин ал маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Эми кыргызстандык мушкер 9-апрелде Ошко барып, ал жактан да күйөрмандары менен жолугушат.

Валентина Шевченко Бишкеке келип, аны «Манас» аба майданынан президентин аппарататынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиктин орун басары Канат Арпачиев жана спорчунун күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты.

Спортчу 2011-жылдан бери чет мамлекеттерде жашап, машыгып, таймаштарга катышып келет. 2015-жылы белгилүү UFC уюму менен келишим түзүп, 2018-жылы польшалык атаандашы Йонна Енджейчикти утуп, уюмдун жеңил салмак категориясынын чемпиону болгон. Ошондой эле, Валентина Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Ал акыркы 8 жылдан бери мекенине келе элек болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.