Үгүт иштери коркутуп-үркүтүүлөр менен коштолууда (видео)

1518

Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталганына туура бир жума болду. Бул убакыт аралыгында ар кандай мыйзам бузуулар, ал тургай коркутуп-үркүтүүгө чейин баргандар болууда. Мындай көрүнүштөрдүн бири — Жалал-Абад областында катталды.

Анда бир партиянын үгүтчүсүнө кысым көрсөтүүлөр болуп, башка бир саясий уюмга кызмат кылуусун талап кылышкан. Алардын арасында — өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери бар экени ачыкка чыгууда. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, материалды Аскер прокуратурасы иликтей турган болду.