Үгүт иштерине аралашкан дагы эки жетекчи кызматынан кол жууду (видео)

3316

Билим берүү жана илим министри Болот Купешев ага сөгүш жарыялоо чечими менен макул эмес. Ошондой эле аткаминер Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун кызматтан кетирилишине каршы чыгууда. Жогорку окуу жайдын деканы жана 3 мугалим дагы мыйзам бузганы үчүн иштен алынган.

Алар 3-ноябрда экскурсия деген шылтоо менен студенттерди окуудан бошотуп, бир партиянын үгүт иш-чарасына алып барганы үчүн жазаланган. Ошондой эле, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго да сөгүш жарыяланган. Дагы канча аткаминер саясий өнөктүккө аралашканы үчүн кызматынан кол жууйт?