Үгүт кампаниясына катышкан депутаттар дагы айлык ала берет (видео)

832

Өткөн жумада эки айлык тыныгуудан кайткан эл өкүлдөрүнүн дагы иши башталды. Бирок башталганынан аяктаганы бат болду. Алтынчы чакырылыштагы парламент жетинчи сессиясын ачты. Депутаттардын үчтөн эки бөлүгү, тагыраагы 70тен ашыгы кайрадан Жогорку Кеңешке келүүнү эңсеп, шайлоого аттангандыктан, эл өкүлдөрү жумушун жеңилдетип мыйзам кабыл алып отургандан көрө, үгүт иштери менен алектенели деп шашып бир айга тарап кетишти. 4-октябрдагы шайлоодон кийин парламенттин жаңы курамы келет. Андыктан алтынчы чакырылыштын акыркы сессиясы деп айтып койсок туура болчудай. Баарынан дагы бир жума мурда мандат алган жети депутатка жаман болду. Алар бул чакырылыштын эсебинен парламенттин трибунасынан сүйлөгөнгө жетишпей калышты. Эл өкүлдөрү үгүт иштерине деп тарап кетсе дагы, аларга мамлекеттин эсебинен айлык төлөнө берет. Бул дагы оңой эмес акча.

Ошентип пандемия курчуп турган маалда таппай калган парламентарийлерибиз шайлоо алдында жарк деп чыга келишти. Эми депутат талапкерлер бир ай бою элдин назарында болушат. Эл өкүлдөрү тараардын алдында эл аралык келишимдерди топ тобу менен, талкуусуз кабыл алып кетишти. Ал жакта көбүнчөсү коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан алынган ири суммадагы насыялар боюнча документтер. Бирок эл өкүлдөрүн ал акчалардын сарпталышы кызыктырган деле жок. Канча акча кайда кетти деген маалымат угалы деген сунушту колдобой коюшту. Эми шашылыш, топ тобу менен кабыл алынган мыйзам долбоорлору Бишкек жылуулук берүү борборуна алынган насыянын тагдырындай эле болбосо болду.