Үй алууга кезекте турган согуш ардагерлери (видео)

972

Быйыл Улуу Жеңишке 75 жыл болот. Жылдан-жылга Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктардын катары суюлуп келет. Былтыр алардын саны 380 болсо, быйыл 262 эле ардагер калды. Бирок баары эле бактылуу карылыкты өткөрүп жатат дегенге болбойт.

Бишкек шаардык мэриясы берген маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү ордо калаа боюнча турак-жайга кезекте турган 22 ардагер бар. 96 жаштагы Үмөш Исаков Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, экинчи топтогу майып болгонуна карабастан үй алууга кезеги жетпей, учурда ижарага алынган батирде баш калкалап келет.