Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда ашыкча кызматкерлер кыскартылууда

1572

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун ирилештирүүдө 3 ай ичинде эле 5 миллион сом үнөмдөлүп, 22 кызматкер жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жыйында айтылды.

Адистердин билдирүүсүндө, мекемелер ирилештирилгенден кийин мамлекеттен бөлүнгөн каражатты колдонуу ыңгайлуу болуп калды. Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда ашыкча орундар ачылган.

Алсак, жалпы 4 миң 87 штат болсо, анын 3 миң 296 гана элди тейлеп жетишкен. Ашыкча кызматкерлер кыскартылууда. Ал эми каражатты үнөмдөөгө да жол ачылган.

Ирилештирүүгө чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 29 миллион сом каралса, азыр 24 миллион сом бөлүнүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.