Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда стационарлар ачыла баштады (видео)

5254

Өлкөдөгү бардык тиешелүү мекемелер COVID-19дун кайталанышы ыктымал делген экинчи толкунунун алдын алууга камылганы күчөтүштү. Бишкектеги бейтапканаларда 5 керебеттен турган чакан стационарлар ачыла баштады.

Ак халатчандардын маалыматына караганда, коронавирус кайра күчөп кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалган.

Ал арада, жай айларында ачылган убактылуу жайлардын иши эмне болду деген да суроо жаралууда. Алардын айрымдары жабылса, кээ биринде керебеттер, кычкылтек концентраторлору ошол бойдон даяр турат.