Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн шектүүнү 48 саатка камоочу мыйзам долбоору сунушталды

2465

Жогорку Кеңеште үй-бүлөлүк зомбулук үчүн шектүүнү 48 саатка камоочу мыйзам долбоору демилгеленип, ал коомдук талкууга коюлду. Документ үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотуу үчүн өкмөт менен чогуу иштелип чыккан.

Демилгечилердин айтымында, милиция кызматкерлеринин арасында сурамжылоо жүргүзүлгөндө алар жаңы кодекске ылайык үй-бүлөлүк зомбулукка карата чара көрүү татаалдашып кеткенин айтышкан. Тактап айтканда, жаңы кодексте шектүүнү камакка алуу өзгөчө учурларда гана ишке ашырылары белгиленип, бирок ал учур так көрсөтүлбөй калган.

Зомбулук фактысында коргоо ордери берилгенден кийин да үй-бүлөдө зомбулук улана берген учурлар болгон. Андыктан мыйзам долбоорунда шектүү үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгына реалдуу коркунуч келтирип жатса, мас абалында болсо, ар кандай зомбулук көрсөтсө 2 суткага камалат деп көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 8 айында эле «үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен 4,5 миңге жакын кылмыш иши катталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.