Үй-бүлөлүк зомбулукту мыйзам токтото алабы? (видео)

892

Ур-токмоктон каза болгон эки жашар баланын атасы кылмыш ишин токтотууну суранганына карабай, иш аягына чейин тергелет. Сузак райондук милициясы баланын атасы ички иштер органдарына кайрылганын билдиришкен. Ал баласынын токмоктон каза болгонуна ишенбей жатыптыр. Андыктан тиешелүү мамлекеттик орган бул иште каза болгон баланын мыйзамдуу өкүлүн дайындаган. Ал соцкызматкер тергөөдө жана сотто баланын таламын талашат.

Ошол эле убакта, Жогорку Кеңеште үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чараларды күчөтүү демилгеси көтөрүлүүдө. Себеби айрым нормалар жаңы кодексте так көрсөтүлбөй калгандыктан, өзгөчө кичинекей балдар жана аялдарга карата ырайымсыз мамилелер жазаланбай калып жатыптыр.