Үй-жайсыз калган баткендиктерге гум.жардам чогултулууда (видео)

2034

Бир тараптуу куралдуу кол салуудан жабыр тарткан Баткен элине гуманитардык жардам көрсөтүү иш-аракеттери кызуу уланууда. Борбордо Каба Кожомкул атындагы спорт ордосунда республикалык штаб иштеп, ыктыярчылар жарандардан күнү-түнү дебей азык-түлүк , кийим-кече, дары-дармек жана акчалай жардамды кабыл алышууда.

Ушундай эле аракеттер өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда. Чет өлкөдө окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар акчалай жардам топтоп коюшканы маалым болду. Негизги максат — жапа тырмак киришип, бир тараптуу агрессияда жапа чегип үй-жайсыз калган баткендиктерди тез арада жай турмушка кайтаруу.