Үйгө от жагуунун эрежелерин сактагыла! (видео)

970

Үйгө от жагуунун эрежелери сакталса, адам өмүрүнө коркунуч келбейт. Күн сууктай баштаганы, өрт үчүрүүчүлөр аймактарда үймө-үй кыдырып кырсыктарды алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Эң башкысы, мештин мору туура орнотулуп, от жагылган үйдүн чатырында тез тутанып кетчү буюмдар болбошу керек, дешет адистер. Ошондой эле, электр приборлорун колдонууда этияттык керек. Алсак, Ош областынын Ноокат районунда акыркы эки ай аралыгында өрт кырсыктары көбөйгөн. Мештен тутанган оттон үй-жайсыз калгандар да бар.