Үйлөнүү тоюндагы кортежде атылган ок. Видео монтаждалганы кабарланууда

844

Талас областында үлпөт тойдо автоматтан ок атылды деген маалымат боюнча той ээси милицияга суракка чакырылды. Жергиликтүү тартип сакчылары интернетке тараган видео тасма боюнча иликтөө жүргүзүп чыккан.

Милициянын маалыматына караганда, той учурунда эч кандай ок атылган эмес. Тасманы бирөөлөр монтаждап интернетке таратышкан. Ал эми, видеодо машинанын терезесинен башын чыгарып алып бараткандардын колунда оюнчук автомат экен.

Эми ошол унаанын айдоочусуна административдик чара көрүлмөй болгон. Анткени, ал балдардын машинанын терезесинен чыгып алуусуна жол берген. Ошондой эле, видеону монтаждап интернетке чыгарган балдар дагы такталган. Аларды жоопко тартуу маселеси каралып жатканы айтылды.

Эки күн мурда интернетке Талас областында “Манас-Ордого” кетчү жолдо бараткан үйлөнүү тоюндагы кортежде машинанын терезесинен чыгып алган эки адамдын бири колундагы автоматтан өйдө карай аткылап жатканы тартылган видео тараган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.