Үйлөрү түрттүрүлгөн жарандар эми кайда барат? (видео)

460

Бишкек шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтын-Казык жаңы конушунун бир нече тургуну кыш келерде эшикте калды. Аталган аймакта жол салынып, картага кирген үйлөр алынууда. Турак-жайларды түрттүрүү иштери мындан бир нече күн мурда башталган. Бардыгы болуп 2 турак-жай жана 20га жакын үйдүн дубал, пайдубалдары түздөлдү.

Алтын-Казык конушунда жашап жаткандардын колунда эч кандай документ жок. Анткени ал таштанды талаасынын тегереги басылып алынган. Мындан улам жергиликтүүлөргө эч кандай компенсация төлөнбөйт. Ал эми үйлөрү түрттүрүлгөн жарандар учурда кайда бараарын билишпейт.