Үйсүз калгандарга 18 миллион сом төлөнүп берилген (видео)

922

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму өз турак-жайларын камсыздандырган 190 жаранга 18 миллион сомдон ашуун каражат төлөп берди. Алардын арасына Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган 42 адам, Майлы-Суу шаарындагы селге кабылган 3 адам жана Ош менен Баткен областтарындагы өрттөн жабыркаган 10го чукул адам бар. Кыргызстанда милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынганына карабай, бул эрежеге баш ийгиси келбегендерге жаза чаралары каралган эмес. Учурда жарандар арасында болгону түшүндүрүү иштери жүрүп жатыптыр. Себеби эми табигый кырсык болсо да, аларга мамлекет тарабынан компенсация төлөнбөйт.