Үйү алтын кол сааттарга толгон бажы аткаминери (видео)

1161

Бажы кызматынын жетекчилери 2 миллион сомдук алтын кол саат тагынышабы? «Түндүк» бажысынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин хансарайынан дүйнөлүк бренддерге таандык 19 кол саат табылды. Ар биринин баасы — кеминде 30-40 миң долларга жетери айтылууда. 4 күн мурда жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасында, Айбашевдин үйүнөн башка дагы кымбат баалуу буюмдар табылган. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы Нурбек Айбашевди товарларды бажы аймагынан тышкары жерде кайра иштетүүгө мыйзамсыз уруксат берген деп айыптоодо. Мунун натыйжасында, мамлекетке 166 миллион сом бажы төлөмү түмпөй калган. Айрым маалыматтарга ылайык, бул ишке дагы он чакты бажы кызматкеринин тиешеси болушу мүмкүн экен.