Үйү өрттөнгөн 9 балалуу үй-бүлө жардамга муктаж (видео)

1129

Кыштын күнү баш паанексиз калып, калайыктан жардам сураган үй-бүлө. Чүй областынын Кант шаарында өрттүн кесепетинен турак-жайсыз калган 9 балалуу үй-бүлө колдоого муктаж.

Өрт кырсыгы 5 күн мурда катталып, анда түн ортосунда имарат толугу менен күлгө айланган. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Бирок болгон документтери, жаңы турак тургузабыз деп чогулткан каражаттары күйүп кеткен. Учурда үй-бүлө 1 бөлмөдө баш калкалоого муктаж.