Үйү өрттөнгөн кош бойлуу эне жардамга муктаж (видео)

1851

Кычыраган кыш жакындаган маалда 4 баласы, ата-энеси менен үйсүз калган кош бойлуу эне. Чүйдүн Новоповловка айылында турак-жай өрттөнүп, 8 адамдан турган үй-бүлө баш калкалоочу жайы жок калды. Алар учурда дос-тааныш, кошуналарынын үйлөрүндө күн кечиришүүдө.

Тилсиз жоодон кийинки урандыларды оңдоп-түзөп да болсо, эптеп кыштан чыгып алууну пландап жатышыптыр. Адистер болсо өрттөн кийин калган турак жашаганга таптакыр жараксыз деп чыгарыптыр. Баарынан куру жалак калган үй-бүлө коомчулуктан жардам сурап кайрылып отурат.