УКМК: 2 млн. сомго жер сатып жиберген мэриянын өкүлү кармалды

920

Бишкек мэриясынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колун жасалмалап, 2 миллион сомго жер сатып жиберген борбор калаа башкармалыгынын өкүлү камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү жерди бир категориядан башка категорияга которууга аракет жасаганы аныкталган. Мэриянын бөлүм башчысы жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп белгиленүүдө. Ал коомдук фонддордун биринин мүчөсүнүн ишенимине кирип, Биринчи Май районуна караштуу Калыс-Ордо конушунан 7 гектардан ашык жерди турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн 2 миллион сом алган.

Фактынын негизинде мэриянын бөлүм башчысы менен дагы бир жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында башка адамдардын катышуусун аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.