УКМК: 5 салык кызматкерине айып тагылып, камакка алынды

1010

Кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып берүү боюнча 5 салык кызматкерине айып тагылып, камакка алынды. Ошондой эле, Кытайдын 2 жараны кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгынын жетекчиси Абдыкадыр Разаев билдирди.

Эске салсак, март айынын башында УКМК тарабынан салык жана бажы кызматтарына кеңири масштабдагы ыкчам-иликтөө операциялары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө ири коррупциялык схеманын бети ачылган. Алгач, кошумча нарк салыгы мыйзамсыз кайтарылып, андан өлкө бюджетине 217 миллион сом зыян келтирилгени аныкталган.

Көп өтпөй бул иште жаңы жагдайлар жана шектүүлөр пайда болуп, зыяндын көлөмү миллиард сомго чукулдаганы белгилүү болгон. Каражаттар жеке жактарга жасалма документтердин негизинде кайтарылып турган. Бул кылмышка тиешеси бар делген салыкчылар, бажычылар жана жеке менчик компаниянын өкүлдөрүнө «алдамчылык» жана «кызмат абалынан аша чаап пайдалануу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.